Кытайда искусство жумалыгында жеңишке жеткен балдар бүгүн сыйланат

© flickr.com / poeloqКытай мамлекетинин желеги. Архив
Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага катышкан "Балажан" борборунун беш тарбиялануучусу алтын, төртөө күмүш жана дагы беш бала коло медалга ээ болушкан.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кытайда өткөн балдардын IV Эл аралык искусство жумалыгында Кыргызстандан барган "Балажан" борборунун беш тарбиялануучусу алтын, төртөө күмүш жана дагы беш бала коло медалга ээ болушканын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, "Илим, тынчтык жана достук" деп аталган иш-чара былтыркы жылдын июнь айында өткөн. Ал дүйнөдөгү бардык балдардын ортосундагы достукту бекемдөөгө арналган.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи бүгүн "Балажан" студиясы уюштурган "Эң сүйүктүүмө!" деп аталган балдардын сүрөт көргөзмөсүнүн алкагында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0