"Ак Илбирс" киносыйлыгы катышуучуларды чакырат

© Фото / пресс Ак Илбирс"Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгы. Архив
Ак Илбирс улуттук киносыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлык 2012-жылы негизделген. Быйыл арыздар 31-мартка чейин кабыл алынып, сыйлык тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын 15-майында "Манас" кинотеатрында өтөт.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандын "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталганын Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Сутак тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сүтак" Россиянын "Ника" сыйлыгына көрсөтүлдү
Маалыматка ылайык, сыйлыкка 2015-жылы өндүрүштөн чыккан ар кыл жанрдагы тасмалар көрсөтүлө алат. Мындан төрт жыл мурун негизделген иш-чара 14 номинация боюнча мыктыларды аныктап келсе, былтыртан баштап Борбордук Азияны толугу менен камтып, ага дагы эки номинация кошулган. 

Арыздар 31-мартка чейин кабыл алынып, сыйлык тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын 15-майында "Манас" кинотеатрында өтөт.

Киносыйлык "Айтыш" коомдук фондусу, Кино өнүктүрүү фонду, Кинематография департаменти тарабынан уюштурулуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0