Боогачы Жакыпбек уулу — залкар лирик акын

Жазылуу
Обончу, лирик акын, аргендей үндүү ырчы, залкар чертмекчи, чебер аткаруучу Боогачы Жакыпбек уулу 1886-жылы Ат-Башынын Шаркыратма болушунда (Ак-Муз айылында) кычыраган кыштын кыраан чилдесинде боз үйдө туулуптур.
Боогачы Жакыпбек уулу — залкар лирик акын

Атасы Жакыпбек кара чечен атанган, эл арасында жаактууга жаа бербеген сөзмөр, уюштургуч, баба дыйкан, мүмшүкөр, айылында кадыры бар орто чарбалуу тың адам экен.

Боогачы жарык дүйнөгө келгенден кийин жайдары мүнөздүү, орду менен басып, орундуу сүйлөгөн, көргөн-билгенин бетке айткан чынчыл, акыйкатчыл, кишиликтүү, өзү жашаган заманынын жакшы-жаманын байкай алган, келечегин сезе билген адам болгон. 

© предоставлено Балбаем АлагушевымАкын Боогачы Жакыпбек уулу
Акын Боогачы Жакыпбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Акын Боогачы Жакыпбек уулу

Болочоктогу шайырдын тилинен бал тамган чечен, кумдай куюлуштура сүйлөгөн жорго сөздү устаты болушуна атасынын айткан нускалуу сөздөрү, ар түрдүү тарыхый баяндамалары, уламалары күчтүү таасир этиптир. Ал эми Боогачынын ыр, күүгө болгон тубасу шыгын эжеси Туяна ойготкон экен. 

Нурак Абдрахманов, жазылбай калган тарых, Нобель сыйлыгына көрсөтөбүз деген китеп
Келечектин шайыры тогузга чыкканда энеси өлөт. Ал Айкана, Гүлкана аттуу эки өгөй эненин колунда калат. Алар Боогачыны өз балдары Абдраман, Ажар менен Тумардай алпештебестен, атасы жокто сабап, бирде ачка, бирде ток багышат. Мындай кейиштүү турмуштан улам, ыр чыгарууну он жашынан эле баштаптыр. Боогачы борбую ката баштагандан тарта комузга илээшет. Анан бара-бара элдик обондорду, жөнөкөй кайрыктагы күүлөрдү чертет. Аны өзгөчө ашыктык, махабат темасындагы ыр, күүлөр кызыктырат. Жетиле электе атасынан айрылып, эми тоголок жетим калат. Күнүмдүк жашоонун айынан нарындык сүткор Ногойбайдын колунда жүрүп, ал жерден арапча жазганды үйрөнөт.

Уламага айланган — Үкөй-Уулкан 

Ырга шыктуу Боогачы "Үкөй" аттуу ырынан кийин уламага айланат. Ырчыны көргөн-билгендердин айтымында, ал айтылуу ырын улуу Октябрь төңкөрүшүнө чейинки мезгилде чыгарыптыр. 

Боогачы Нарындын Дөбөлү айылындагы кыз оюнга капыстан катышып, ага кезек келгенде ашыктык ырларын созуп, ошол жерден Уулкан аттуу кызды, ал селки ырчыны жактырып калат. Боогачы кызды Үкөйүм деп эркелетип ырдайт, ыр Уулканга арналганын отургандар да, кыз да анча түшүнө беришпейт. Той аягына чыгып, ал эми ыр жаштар арасына кеңири тарап кетет. Ашык болгон Боогачы кызга экинчи ирет жайлоого көчүп баратканда жолугуп, колунан кымыз ичип, жаштар сөз бекитип шерттешет. Бирок, көп өтпөй кызды ата-энеси Чойбек аттуу болуштун Салмаке деп аталган инисине кудалап койгон жерине берет деген кабар угулат. Боогачы Үкөй кетип баратканда коштоп бастырып бир нече ирет ырдайт. Аны уккан кыз аттан бир нече ирет кулайт. Акырында окуянын чоо-жайы баарына дайын болуп, ызаланган Салмаке жан-жөкөрлөрү менен буруп, "Атасынын төрүндө отуруп бузулган Үкөй-Уулкан жарамазанчы Боогачынын өзүнө буюрсун!", — деп жаагынан түгүн чыгара ырчынын жолдошторун көзүнүн төбөсү менен акшырая карайт. Анан ал колунан тарттырып ийген Үкөйгө жутуп жиберчүдөй тигилип, атына камчы уруп, артын карабай зуу коёт.

Эл ичинде Боогачы Үкөйдү алган, ал эми бирде алган эмес деген эки анжы сөздөр айтылып келет. 

Боогачы ар бир жолуккан сайын Үкөйгө жаңы ырларын арначу экен деп айтылат. Бирок, алардын ичинен элдин элегинен эленип отуруп, калктын калың катмарына:

Алалуу жылкы элде бар,
Ашыктык илдет сенде бар.

Армандуу болуп жете албай,
Ээй, Үкөйүм,
Ал милдетиң менде бар

деген саптар менен башталган ыр элге тарайт. Бул ыр азыр да элдик ырларды аткарып жүргөн бир топ ырчылардын репертуарында бар. 

Табийгаттын кучагында ырдаганды сүйгөн Кишимжан
Боогачынын ысымы "Үкөй" ырынан кийин Ат-Башы, Нарын аймагында гана эмес, бүтүндөй кыргыз журтчулугуна белгилүү болгон. Жалпысынан алганда, анын негизги чыгармачылыгы махабат темасына арналган. Ал элдик секетпай менен күйгөндөрдүн өнүктүрүүчүлөрүнөн, өзгөчө жайылтуучуларынан болгон.

Боогачы жаратылышынан чык таттырбай таштай каткан байларды, араандай алкы ачылган молдолорду, калк арасын бузган ушакчыларды, байлардын оту менен кирип күлү менен чыккан жойпуларды, элдин убалынан коркпогон ууруларды, элдин эсебинен жашаган жан бактыларды өлгүдөй жаман көрүүчү экен.

Боогачы Ийгилик аттуу уулдуу болуп, ал бир күнү ооруп калат. Ошондо Боогачы Ийгиликти:

Кабактагы Калы байга бар,
Кайнатасын урган Жаңыбайга бар.

Менин уулумда эмнең бар,
Канкор десең Кадырга бар,
Калп айткан шыпырга бар,
Менин уулумда эмнең бар деп ырдаганы эл арасында сакталып калган.

Боогачы — лирик акын 

Замандаштарынын бизге берген маалыматтарына караганда, Боогачы бир сабак болсо да комуздун коштоосунда таптакыр жаңы обон менен ырдоочу экен. Ал кайда барбасын, кайсы убакта болбосун жөө же атчан жүрбөсүн комузун колунан түшүрбөптүр. 

Боогачы колуна комуз кармап, обон созуп, эл аралагандан бай-манаптарды мактап, аш-тойлордо ырдап, ат минип чапан кийбептир. Анткени ал төкмө акын эмес, нукура лирик болгон. Анын темасы коомдук курулушка, бийликтеги адамдарга баа берүү эмес, адамдын, өзгөчө, бозой менен селкинин канында, жүрөгүндө туйлаган ашыктык уйгу-туйгу, сүйүү стихиясы болгон. Ал муну мыкты сезе билген.

Төкмөлүк өнөрдү даңктаган "Алтын комуз" ээсин тапты
Залкар ырчы өнөрү гана эмес, адамдык асыл сапаты менен да элге алынган. Айылындагы жашаган саяк, сарбагыш, тейит, черик, өзбек, көкчө көз, чолок туума өңдүү урууларды бириктирип, "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып" ынтымакта жашоого чакырган. Чатак чыкса, баарын жараштырып, орду-ордуна койгон. Боогачы айылындагы гана эмес, Ат-Башы аймагындагы билермандар чече албаган эрдин кунун, жесирдин доосун, жылкы тийип барымтага кармаган жана башка дагы түрдүү чыр-чатактарды чечкен.

Залкар шайырдын көзүнүн тирүүсүндө 1925-жылы Москва шаарынан "Секетпай", 1927-жылы Кыргызстандагы Кыргызмамбастан "Күйгөн" ырлар жыйнактары араб тамгасында басылып чыгат. 

"Үкөй" элдик ыры чыгармачылыгынын классикасы. Ал калк аралагандан бери ондогон ар кандай шыктагы, ар кыл муундагы ырчылардын тушоосун кесип, бактысын ачты. Кайталангыс обондуулугу, өзгөчө мукамдуулугу менен миңдеген карапайым угуучуларды асылдантты. Ошентип, "Үкөй" бир гана залкар Боогачы эмес, калктын жан шеригине айланды.

Мына, Үкөй кезектеги жаңы муундагы ырчынын аткаруусунда жаңырды. Кайрадан ырдын премьерасы. Кайрадан таңдану, асылдануу. Ал эми ырдын "Күмүшкө окшоп Үкөйүм, ээй, тээ ошо. Күн тийген тоонун оо бетинде", — деген саптарын ырчы ички дүйнөсүндөгү эң бир назик, эң бир аянычтуу басым менен муңканта айтып, созолонто созгондо ак карлуу тоону боорунда махабатка балкып турган Боогачы менен Үкөйдүн ажарлуу келбетин элестетесиң. Анан ырга болгон кумарланууңду баштагыдан да арттырып, жан дүйнөңдү дүрбөлөңгө салган обондуу ободо кайра-кайра созолонто созгуң да, ырдагың да келет. Анын накта турмуштан алынган тунук, таза обонду жараткан Боогачынын шыгына кайра-кайра кол куушура таазим этесиң. 

Залкар обончу 1935-жылы 5-майда дүйнөдөн кайткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0