Токио шаарында Кыргызстанда жасалган кийиз буюмдар көргөзмөсү өтүп жатат

Жазылуу
Аталган иш-чара 15-20-февраль күндөрүнө пландалган. Кийиз буюмдары Ысык-Көл облусунда жасалган.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Япониянын Токио шаарында Кыргызстанда жасалган кийиз буюмдары көргөзмөгө коюларын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыздын кийиз буюмдары Японияны багындырууда
Иш-чаранын максаты Кыргызстанда жасалган буюмдарды экспорттоого багытталган. 

Аталган иш-чара 20-февралга чейин Токио шаарында уланат. 

Көргөзмөгө коюлуучу буюмдар Япон эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) колдоо астындагы "Бир айыл, бир буюм" долбоорунун алкагында уюштурулууда. 

Кийиз буюмдары Ысык-Көл облусунда жасалган.

Буга чейин Күн чыгыш өлкөсүндө кыргыздын уздарынан чыккан буюмдар чоң кызыгууну жараткан жайы бар. "Made in Kyrgyzstan" бренди менен Япониянын ири соода борборлорунда өткөн жылдын ноябрь айында  сатылып баштаган.


 

Жаңылыктар түрмөгү
0