"Аль-Жазира" телеканалы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна кызыгууда

Жазылуу
Кыргызстандык журналисттер Катардын башкы каналында тажрыйба топтоп, ал эми теле көрүүчүлөр көчмөндөр оюнун көрө алышат. Бул макулдашуу Кыргызстандын Катардагы элчиси менен "Аль-Жазира" телеканалынын жетекчисинин жолугушуусунда айтылды.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. "Аль-Жазира" медиахолдингинин башкы мүдүрү Мостеф Суаг Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев менен жолугушуусунда көчмөндөр оюнуна кызыгаарын билдирди.

Салбурун оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаа атуу жана бүркүт салуу. Көчмөндөр оюнунда спорттун дагы кайсы түрлөрү кирди?
Маалыматка ылайык,14-февралда Доха шаарында аталган телеканалдын жетекчилигине Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралу кеңири маалымат берилип, быйылкы оюнду чагылдыруу маселеси сунушталды. Мындан сырткары жолугушууда эки өлкөнүн журналисттер ортосундагы тажрыйба алмашуу маселесин талкууланды. 

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну биринчи жолу көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде 2014-жылы өткөн. Быйыл экинчи ирет өтөөрү пландалууда.

"Аль-Жазира" — Катардын Доха шаарында жайгашкан эл аралык абройлуу делинген телеканал. 

Жаңылыктар түрмөгү
0