"Сейде" тасмасы Франциядагы эл аралык фестивалга катышууда

© flickr.com / dierk schaeferФранциянын Клермон-Ферран шаары. Архив
Франциянын Клермон-Ферран шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык режиссерлордун ичинен буга чейин аталган абройлуу кинофестивалга режиссер Темир Бирназаровдун эки тасмасы катышып, лауреат болгон.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Франциянын Клермон-Ферран шаарында өтүп жаткан кыска метраждуу тасмалардын 38-Эл аралык кинофестивалына кыргызстандык режиссер Элнура Осмоналиеванын "Сейде" тасмасы катышууда. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-февралда башталган фестиваль 13-февралда аяктайт. 

Дүйнөдөгү ири фестивалдардын бири болгон бул сынакта 90-жылдары Темир Бирназаровдун эки тасмасы лауреат болгон.

14 мүнөткө созулган кыска метраждуу тасма алыскы айылда жашаган Сейде аттуу кыз менен анын жакшы көргөн аты туурасындагы окуяны баяндайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0