Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө Стамбул шаарынан башталат

Жазылуу
Улуу ойчулдун мааракесин бүтүндөй түрк дүйнөсүндө белгилөө чечими Түркмөнстандын Мары шаарында өткөн ТҮРКСОЙ мамлекеттеринин маданият министрлеринин кеңешинде кабыл алынган.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө иш-чарасынын салтанаттуу ачылышы өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Кыргызстандын багымсыздыгына карата арналган мааракенин катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тарых жана маданият жылына арналган мааракелер кайда кантип белгиленет?
Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын бүтүндөй түрк дүйнөсүндө белгилөөнү Кыргызстан демилгелеп, мындай чечим Түркмөнстандын Мары шаарында өткөн ТҮРКСОЙ мамлекеттеринин маданият министрлеринин кеңешинде кабыл алынган.

Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 19-февралында өтөт. Ага Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов баштаган кыргыз маданиятынын өкүлдөрүнүн делегациясы катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0