Кыргызстанда жаздын соңу менен Кувейттин маданият күндөрү өтөт

© flickr.com / Metro CentricКувейттин мамлекеттик желеги. Архив
Кувейттин мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай макулдашуу элчи менен аталган өлкөнүн Улуттук маданият, искусство жана адабият кеңешинин башкы катчысы Али Аль-Юханын жолугушуусу учурунда түзүлдү.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 15-19-февраль күндөрү Кувейт мамлекетинде Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Аны уюштуруу маселелерин кечээ Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов аталган өлкөнүн Улуттук маданият, искусство жана адабият кеңешинин башкы катчысы Али Аль-Юха менен талкуулады.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, маданият жана искусство жаатындагы мамилени бекемдөө маселеси ортого салынды.

Мындан тышкары, эки тарап ушул жылдын май айында Кыргызстанда Кувейттин маданият күндөрүн өткөрүүнү макулдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0