Актан Арым Кубаттын "Кентаврын" тарткандар мыкты аталышты

© предоставлено Актан Арым КубатомРежиссер Актан Арым Кубат. Архив
Режиссер Актан Арым Кубат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинематографты колдоо фондусунун маалыматы боюнча тасманын алгачкы монтаж иштери Сербиянын борбору Белград шаарында, андан кийин Германиянын Берлин калаасында өтөт.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасын тарткан топ 2015-жылдын мыкты тобу деп табылды. Бул тууралуу Кинематография департаментинин жыл жыйынтыгын чыгаруучу коллегия жыйынында белгилүү болду.

Буга чейин Кыргызстан, Франция, Германия жана Нидерланды мамлекеттеринин биргелешкен аракетинен жаралган тасма эл назарына эмдиги жылы тартууланары айтылган. 

Индия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индиядагы фестивалга катышып жаткан "Асман алдында" 1-февралда көрсөтүлөт
Кинематографты колдоо фондусунун маалыматы боюнча тасманын алгачкы монтаж иштери Сербиянын борбору Белград шаарында, андан кийин Германиянын Берлин калаасында өтөт.

"Кентавр" тасмасында башкы ролду режиссер Актан Арым Кубат өзү жараткан. Андан тышкары Таалайкан Абазова, Болот Тентимишов, Зарема Асаналиева, Илим Калмуратов, Нурали Турсункожоев, Максат Мамырканов тартылган.

Тасманын премьерасы Канн фестивалында өтөрү болжолдонуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0