Маданият министрлиги калемгерлерге сынак жарыялады

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүКалем. Архив
Калем. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шарт боюнча сынакка 35 жашка чейинки жазуучулар катыша алат. Ага классикалык түрдө жазылган роман, повесть, аңгеме, эсселер кабыл алынары белгилүү болду.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте калемгерлерге сынак жарыялай турганын аталган мекеме билдирди. 

Маалыматка ылайык, конкурс "Дүйнө" жана "Дебют" сериялары үчүн эки багытта өтөт. 

"Сынакка 35 жашка чейинки жаш жазуучулардын кыргыз тилинде жазылган чыгармалары кабыл алынат. Классикалык формадагы роман, повесть, аңгеме, эсселердин көлөмү 100 барактан ашпашы керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектик 3 окуучу эл аралык жарыштан алтын баштаган 11 медаль алып келишти
"Дүйнө" сериясында кыргыз тилинен башка тилдерге которулган көркөм чыгармалар ат салышат. Чыгармалар жогорку көркөмдүк деңгээли, мазмундун актуалдуулугу жана идеялык-нравалык негиздин кыргыз адабиятынын мыкты салттарына шайкештиги боюнча бааланат.

Конкурстун жыйынтыгында татыктуу орунга ээ болгон жазуучулардын котормолору өзүнчө китеп болуп, "Дүйнө" сериясынан басып чыгаруу үчүн сунушталат.

Чыгармалар 2016-жылдын 25-январынан 24-июнга чейин кабыл алынат. 27-июндан баштап 11-июлга чейин сынактын жыйынтыгы чыгарылышы күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0