Замир Арыкбаев: ырчы болбосом, жапжакшынакай эле "гаишник" болмокмун

© предоставлено Замиром АрыкбаевымЫрчы Замир Арыкбаев. Архив
Ырчы Замир Арыкбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кудача кызды" сабалатып ырдап эл оозуна алынган Замир Арыкбаев бүгүн 35 жашка чыкты. Учурда Акбермет, Акмарал, Актилек деген чолпондой балдардын атасы тынбай иштеп, чыгармачылыкта өз ордун тапкан ырчы.

Замир мырза Sputnik Кыргызстан менен болгон маегинде ал үчүн жашоо эми башталып жатканын, жан дүйнөсүндөгү боштукту кантип толтурарын жана элдин музыкага болгон табити тууралуу айтып берди.

— Буюрса, минтип 35 жаштын даамын татып отурасыз. Күн, өмүр өтүп бара жатканына кейийсизби?

— Бала чакта армиядан байкелер келер эле. Тим эле каадалуу басып, көзгө аябай чоң, көп нерсеге жетишкендей көрүнчү. Көрсө, алар деле болгону 20 жашта экен да. Мурда 35ке чыгыптыр десе жашы өткөн кишилердей элестетчүмүн. Андай эмес экен. Жашоо жаңы башталып жаткандай. Болгону бир аз токтолуп, ар-жак бер жагыңа сабырдуулук менен абай салып калат экенсиң. Кээде 60-70 жаштагы аксакалдар менен сүйлөшүп отуруп, алар деле өзүн жаш сезерин байкайм. Адам канчага чыкпасын көкүрөгү, жүрөгү жаш боюнча калат экен. 

— Айрым ырларыңыздын сөзүн да, обонун да өзүңүз жазасыз. Профессионал акындар менен обончуларга ишенбейсизби?

— Биздин акындарыбыздын, обончу-композиторлорубуздун талантында эч шек жок. Бирок кээде алар да көңүлдө көксөгөнүңдү бере албай калат, анткени ар бир адамдын көз карашы ар башка да. 

— Анан эле ырчылар сөз да жазып, обон да чыгарып ар тараптуу болуп кетесиздер?

Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Токтосунова: бир айда үй алууга жеткидей акча табууга болорун билбептирмин
— Жөндөмүң болсо, эмнеге болбосун? 

— Профессионал болбогондон кийин дейм да…

— Мисалы, бир учурларда менде жан дүйнөмдө боштук пайда болот. Ошондон бушайман болуп "эмне кылышым керек" деген суроого жооп издей баштайм. Эт туурагычтай өткөргөндөй болуп, өзүңдү сыгып, миң толгонуп отуруп анан бир нерсе жаралат. Кээде бир күн бою ойлонуп чиймелегениң эртеси эч нерсеге жарабай калат. Жүрө бересиң анан кыңылдап коюп, көңүлүңө, элдин табитине туура келмейинче. 

— А элдин табити кандай бүгүнкү күндө?

— Азыр элдин басымдуу катмарына жеңил чыгармалар керек. Албетте, баарына эмес. Элпек ырлар өтүмдүү болот. Бирок мунун баары кайра эле келип жан дүйнөгө такалат. Эгер жеңил болобу, салмактуу болобу, сенин жан дүйнөңдү бир сыдырып, жүрөгүңдү козгоп өтсө, анда бул чыгармада жан бар. Анан, албетте, аткаруу чеберчилиги да чоң мааниге ээ. Жүрөктөн чыккан гана ыр угармандын жүрөгүнө жетет.

— Жеңил-желпиликке качырган үчүн азыр таш ыргытсаң ырчынын башына тийип жатат да…

— Азыр дагы иргелип калдык го. Салмактуу чыгармаларды эч ким жокко чыгарбайт, кыргыз акыры сөз багып, өнөр сыйлап келген эл эмеспи. Ошентсе да бүгүнкү күндө баарыбыз эле оокат деп тытынып калбадыкпы. Байкасаң азыр элдин маанайы чарчаңкы. Аз да болсо көр турмуштан арылтып, жакшы нерсе тартуулап, көңүлүн көтөрөйүн дейсиң.

© предоставлено Замиром АрыкбаевымЫрчыны бир эле ыр таанытат. Калган чыгармалар ошол деңгээлди кармап, коштоп турат
Певец Замир Арыкбаев - Sputnik Кыргызстан
Ырчыны бир эле ыр таанытат. Калган чыгармалар ошол деңгээлди кармап, коштоп турат

— Сизден "Кудача кыздан" кийин топ жарган ыр уга элекпиз…

— Ырчыны бир эле ыр таанытат. Калган чыгармалар ошол деңгээлди кармап, коштоп турат. Канчалык кыйын чыгарма жаралбасын, эл сени ошол биринчи хит болгон ырыңдан тааныйт, ошону айтат. 

— Чыгармачыл кишилер назик келип, сын пикирге чычалап кетсе керек?

— Сын пикир болбосо ыкшоо тартып, жалкоо болуп кетесиң. Сынга карап түздөнүп, аяк-башыңды жыйнап, өсүштө болосуң.

— Сахна дыкат даярдыкты талап кылат. Бирок эми жашоодо ар кандай да. Сахнада ыңгайсыз абалга кабылган учурлар болгондур?

— Бир жолу Спорт ордосуна өтүп жаткан кайрымдуулук концертине кечигип келдим. Келсем, кезегим болуп калыптыр. "Бол, бол" дегенинен чечине калып эле микрофонду алып сахнага чыгып кеттим. Эл менен учурашып туруп эле "тоюңуздар тойго улансын" деп айтып жибергенимди байкабай калдым. Эл дуу дей түштү. Өзү кайрымдуулук концерт болсо… Тойго көп баргандыктан тил да ошого жатыгып калат экен. Элден кечирим сурап, ырдап, сахнадан кеткиче шашкам. 

— Той менен концерттин айырмасы асман менен жердей болсо керек…

— Албетте. Тойдо өзүңдү ээн-эркин алып жүрөсүң. Элге жакын болосуң. Каалаган адам келип сени менен сүрөткө түшө алат, жаныңа келип кармалап көрөт дегендей…

— Акча кыстарып…

— Жок, азыр акча кыстарган калып баратат. Концертте болсо эл атайы даярданып сенин ырыңды угуш үчүн келет, концерт бүткүчө сени менен жашайт. Тойдо ырдап атсаң кээде эл тамак жеп жаткан болот. Кол чабайын десе кашыктан колу бошобой калышы мүмкүн (күлүп).

— Алгачкы ирет сахнага чыкканыңыз эсте да?

— Ооба, биринчи "Көлдүк карындаш" деген ырым менен Динара Акулова эжебиздин 8-март майрамына карата берген концертинде чыккам. Аябай толкунданып, бир орундан жылбай ырдаганым эсимде. Колумду кыймылдатсам эле баары кыйрап калчудай болгонум эсимде. Элдин сүрү кыйын экен. Катып калгам, иши кылса. Бир 2-3 жыл ошентип жүрдүм. 

Жаш режиссер жана продюсер Ислам Сатаров. - Sputnik Кыргызстан
Продюсер: Бишкекке жакында Шакира келет, Женнифер Лопес келип кеткен
— Замир Арыкбаев ырчы болбосо…

— …МАИ кызматкери болмок. КГУСТАнын унаа факультетин бүткөм. Негизи кесибим боюнча эле иштейин дегем, бирок таанышымдын жоктугунан жумушка кире алган эмесмин. 5-курста окуп жатканда "на всякий случай" деп консерваторияга документ тапшырып койгом. Эгер МАИчи болбой калсам ырдап кетем деген максат бар эле. Бирок, башка түшсө байтал жорго болот да, жапжакшынакай эле "гаишник" болмокмун.

— Негизи кыргызда "артист экен" деп, мурдун чүйрүп, олуттуу кабыл ала бербеген кандайдыр бир жактырбоо бар эмеспи. Кайын журт артист күйөө баланы кандай кабыл алды?

— Сахнага жаңы чыга баштаганда үйлөнгөм. Кесибимди жакшы эле кабыл алышса керек, иши кылса жакшы көрүшөт.

— Балдарыңыз чыгармачылыкты тандап, сахнага чыгабыз десе макул болосузбу?

— Эми ошончолук эле таланты ашып-ташып баратса болтурабыз да. Бирок, кыздарыма сунуштабайт элем. Кыз бала үчүн сахна оорураак деп ойлойм.

Жаңылыктар түрмөгү
0