Балдар кышкы каникул учурунда "кумдун авазына" бара алат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКыз кум менен тартылган сүрөттү кароодо. Архив
Кыз кум менен тартылган сүрөттү кароодо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар кум менен тартылган сүрөттөн кино тасмалардагы жана балдар адабиятындагы каармандарды көрүүгө мүмкүнчүлүк алат.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Борбор калаада кыргызстандыктар үчүн "Кумдун авазы" деп аталган программа тартууланып жатат. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Окуучулар хор ырдоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айтылуу "Ак шоола" балдар хору 30 жылдык мааракесине чакырат
Аталган концерт каникул учурунда балдар үчүн даярдалып, учурда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтүүүдө. Ал 17-январга чейин уланат. 

Долбоор искусствонун эки түрүн – музыка менен кумдан сүрөт тартууну айкалыштырган.

Балдардын көз алдында кумдан музыкалык образдар, атактуу тасмалар менен балдар адабиятындагы каармандардын сүрөттөрү тартылат. 

Концерт күн сайын саат 11:00 де башталып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0