Балдар борборлорундагы жеткинчектер үчүн кайрымдуулук концерти өтөт

Жазылуу
Мындай иш-чара былтыр да өтүп, ага ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 200 бала чакырылган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бүгүн Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында үч атайын мекемеде тарбияланган 200 бала үчүн кайрымдуулук концерти өтө турганын иш-чаранын координатору Аида Ширинова билдирди.

Майыптын коляскасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 600 майып бала жаңы жылдык оюн-зоокко катышты
Маалыматка ылайык, концертке "Жал" кичи районунда жайгашкан балдардын социалдык адаптациялашуу борборунун, "Учкун" балдар үйүнүн жана кароосуз калган балдардын реабилитация борборунан жеткинчектер чакырылган. 

Иш-чарада ар кыл сынактар жана викториналар менен бирге көрүнүктүү эстрада жана фольклордук ырчылардын өнөрлөрү тартууланат. 

Уюштуруучулардын айтымында, акция өзгөчө муктаждыктагы балдарга коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. 

Концерт саат 14.00дө башталат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0