Айтылуу Төлөмүш Океев Түркияда эскерилет

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүТөлөмүш Океев жана актриса Сабира Күмүшалиева. Архив
Төлөмүш Океев жана актриса Сабира Күмүшалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азиза Окееванын айтымында иш-чара үч күнгө созулат. Мында көрөрман журтчулугуна режиссердун "Бакайдын жайыты" фильми тартууланып, кино жаатында талкуу жүрөт.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 24-декабрында Түркиянын үч шаарында кыргыз кереметинин жаратуучусу, белгилүү режиссер Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгына карата эскерүү кечелери өтөт. 

Режиссер Төлөмүш Океев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыска метраждуу тасмалардын фестивалын Океевдин "Жылкылары" ачат
Режиссердун атын алган коомдук фонддун директору Азиза Окееванын айтымында,  "Бакайдын жайыты" тасмасы Стамбул, Анкара жана Карабюк шаарларындагы университеттерде көрсөтүлмөкчү. Мындан тышкары, кыргызстандык кинематографисттеринин делегациясы түркиялык жаштар менен жолугуп, бир катар талкууларды өткөрөт.

Атактуу режиссер Төлөмүш Океевди эскерүү күндөрү ТҮРКСОЙ уюму тарабынан уюштурулууда.

СССРдин Эл артисти Океев 1935-жылы Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келип, 2001-жылдын 18-декабрында каза болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0