Боорду эзген Борончу

© предоставлено Борончу КудайбергеновымБелгилүү куудул Борончу Кудайбергенов жана спортсмен Замир Сыргабаев. Архив
Белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов жана спортсмен Замир Сыргабаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карапайым калк негизинен сахнанын кооздолгон, жасалгаланган берки бетин гана көрүп, көшөгөнүн артындагы быкылдаган өзүнчө бир кызык дүйнөнү баары эле биле бербейт. Мына ушул ары кызык, ары күлкүлүү турмуштун үзүндүлөрүнөн белгилүү куудул Борончу Кудайбергеновдун айтып берүүсүн өтүндүк.

Репетиция

Күмөндөр Абылов: акырындап аялыңа демилгени өткөрүп бере баштайсың
Абдылда Иманкулов, Рахман Разыков жана Жамбыл Камчиев агалар Баткен шаарынан чыгып, Кадамжайга барып концерт коймой болушат. Абдылда байке эртерээк келип, беркилер машинасы бузулуп жолдо калып калышат. Эл залда толтура дейт, кол чаап, ышкырып концерттин эртерээк башталышын талап кыла баштайт. Тигилер жок. Абдылда байкенин ушундай жини келет. Бир маалда баягы экөө шашып-бушуп келип калышат. Киргенде эле Абдылда байке "Эй, акмактар, келесоосуңарбы, элдин баары күтүп жатса…" деп кыйкырып-өкүрүп, ашата сөгүп, тимеле мушташчудай болот. Ошондо куудулдарды тамак-ашыбызды берип сыйлап коелу деп 2-3 аял тепкичтен түшүп келе жаткан болот. Аларды Абдылда байке көрбөйт, көрүп турган Рахман менен Жамбыл агалар да Абдылданы тыя албай эки ортодо калышат. Белгилүү эле кишинин буркан-шаркан түшүп атканын көрүп, тиги аялдар да тык токтойт. Анан ошондо Рахман байке басып келип: "Жок, Абдылда, андай эмес" деп анын ордуна туруп Абдылда байке кандай урушса, ошондой тилдеп кое берет. Анан оозу ачылган Абдылда менен Жамбыл байкелерди карап: "Силер ушинтип уланта бергиле, биякка кишилер келип калыптыр, мен сүйлөшүп келейин" дейт да, тиги аялдарды карап: "жүргүлө, бул жакка сүйлөшөлү" деп алып жөнөйт. Анда аң-таң калып жалдыраган аялдар: "апей, бул репетиция беле, биз силерди урушуп жаткан деп ойлоп жатпайбызбы" деп артынан жөнөшүптүр.

Элдин баары Таласта…

Жамбыл байке Оштогу үйүнөн чыгып маршруттук таксиде келе жатат дейт. Анан алдыраак жакта отурган бир баланын телефону шыңгырап калат. Аялы чалып, каяктасың деди окшойт, "эме, мен айтпадым беле, Таластамын" деп сүйлөшүп коюп коет. Маршрутканын ичиндегилердин баары күлүп эле тим болот. Калп айтып жатат да көз көрүнөө. Анан бир маалда Жамбыл байкенин телефону шыңгырайт. Жеңебиз экен. "Ай, Жамбыл, каяктасың?" дейт. Кебелбей туруп "Таластамын" дейт. "Жөн сүйлөчү ай, азыр эле үйдөн чыкпадыңбы, каяктагы Талас" деп жеңебиз уруша кетет. Анда Жамбыл байкем: "Ой, билбейм, мен отурган маршруткадагылар Таластабыз деп жатат го…" деп жооп берген экен. Элдин баары кыраан-каткы. 

© предоставлено Борончу КудайбергеновымИнтервью с комиком Борончу Кудайбергеновым
Интервью с комиком Борончу Кудайбергеновым - Sputnik Кыргызстан
Интервью с комиком Борончу Кудайбергеновым

Көңүл ачкысы келип…

Бир жерде концерт коюп жүрсөк бир жаш келин келди: "Таланттарды кабыл аласыңарбы?" деп. "Ооба, кел, отур, эмне өнөрүң бар, ырдайсыңбы?" десем, "жок" дейт. "Бийлейсиңби же аспапта ойнойсуңбу?" десем деле "жок" деп баш чайкайт. "Анан эмнеге келдиң, кантип артист болосуң?" десем, "жакында ажырашып кеттим эле, настроением жок, силер менен жүрүп, кичине көңүлүмдү көтөрөйүн дегем" дейт, биз биякта шапар тээп, май-талкандын үстүндө жүргөнсүп…

Манас Бердибеков шифоньерге кирип кетип

Негизи куудулдардын арасынан Рахмат байке аябай дипломат. Концерт уюштурганы барганда аким-губернаторлор менен бат эле тил табышып кетет. "Муну мындай кылалы, биягыңарды минтип коелу" деп сөздү алыстан баштайт. Анан чарбасын, көйгөйүн айтып отурса эле тигилер деле "ооба, минтиш керек, тигинтиш керек" деп сөзгө кантип кирип кеткендерин билбей калышат. Анан эле сөз ортосунда "балдар концерт коюп келишиптир, каралашып койгула" деп коет. "Макул, макул" дешип, иши кылса уюштуруу жагынан маселе жаралчу эмес. 

Беш өрдөк: Рахман менен Жамбылды "ууру туткан" Борончу, кызмат сураган Сарпашев
Бир күнү Рахман байке жок, Манас Бердибеков далай жанында жүргөн да, "жүр, Рахманга окшоп бачым эле сүйлөшүп келебиз" деп жанындагы администраторду ээрчитип алып, айыл өкмөтүнө жөнөйт. Ошол маалда жер айдоо болуп, бир жагынан май жетпей, бир жагынан трактор жок болуп өкмөттүн аябай кыйналып турган чагы экен. Жогору жактан текшерүү барат деген да сөз болгон имиш го. Дал ошол маалда ак костюм-шымды кычырата кийип, галстук тагынган Манас байке барып калат да, Рахманды туурап: "Ой, кандайсыңар, жакшыбы?" деп аябай салабаттуу учурашып калат. "Ии, баягы келет деп аткан комиссиясы келген турбайбы" деп айыл өкмөт да жалпалактап аябай жакшы тосуп алат. Манас байке:

— Ийи, иштер кандай болуп атат? Жер айдоо, чарба кантип атат?

— Жакшы, аксакал, кудайга шүгүр… Эми кичине солярка жетишпей кыйналып турабыз…

Ошентип сүйлөшө беришет. Айыл өкмөт тигилерди комиссия экен деп ойлойт, Манас байке таанып жатат деп эле сүйлөшө берет.

— Качан келдиңиздер, аксакал?
— Бизби, биз эртең менен келдик.

— Иштериңиз кандай, эмне жаңылык?
— Биз эми элдин рухун, духун көтөрүп коелу деп концерт коюп келдик, — дейт Манас байке. 

— Кандай-кандай?!
— Эме, ошо… элдин рухун, духун көтөрөлү деп… концерт…

— Эй, элдин баары минтип бытырап атса каяктагы концерт?! Жаз жарышта да ушинтип келеби… Чык эшикке!!! — дейт айыл өкмөт аябай ачуусу келип столду бир коет.

Ошондо Манас байкенин ак көңүл жаны эмне кыларын билбей, көзүн алайтып шашып, каалга экен деп шифоньерди ачып, ага кирип кетет. Акыры алдастап отуруп эшикти эптеп таап, атып чыгыптыр. Ушул окуядан кийин өзүнүн аткаруусунда жакшы инсценировка даярдап, элге алып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0