Брюсселде Кыргызстан, Чехия жана Словакия уюштурган Интергельпо көргөзмөсү ачылды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБрюссель шаары. Архив
Брюссель шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Бельгиядагы эл аралык уюмдар, Евробиримдик жана НАТО мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Брюсселде "Интергельпо. Кыргызстан, Чехия жана Словакиянын кызматташуусу жөнүндөгү тарыхтын белгисиз баптары" аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара аталган мамлекеттердин элчиликтери тарабынан уюштурулуп, Интергельпонун 90 жылдыгына арналган. 

Фучик атындагы паркты өнүктүрүүгө чехиялыктар жардам берет
Көргөзмөгө Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинен алынган 1925-1957-жылдардын аралыгындагы кино, фото документтер коюлган. Мындан тышкары, чехословакиялык интргельпочулардын алгачкы эшелонунун Кыргызстанга келиши тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө үч мамлекеттин элчилери европа мамлекеттеринин Кыргызстандын индустриалдык-агрардык жана социалдык өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилешти. 

Көргөзмө 10 күнгө чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0