Жазуучу Ашым Жакыпбековго арналган айтыш башталат

Жазылуу
Акындардын айтышы эки күнгө созулуп, тандоо турунан өткөндөр эртеңки жарым финалга жана финалдык бөлүккө катыша турганы маалымдалды.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бүгүн, 14-декабрь күнү Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреты, жазуучу, киносценарист, котормочу, манасчы Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган салтанаттуу эскерүү кечеси жана төкмө акындардын айтышы өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, республикалык деңгээлде өтө турган айтыштын тандоо туру Мамлекеттик тарых музейинде саат 11.00дө башталат. 

Ал эми эртең, 15-декабрь күнү саат 14.00дө Улуттук филармонияда айтыштын жарым финалы менен финалдык бөлүгү өтөт. 

Байге фонду 500 миң сомду түзүп, ак таңдайлардын таймашына кирүү акысыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0