Бүгүн Улуттук адабият күнү белгиленет

Жазылуу
Бул күн Кыргызстанда 2011-жылдан бери белгиленип келет.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана чыгаан акын Алыкул Осмоновдун каза болгон күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Бул күн Кыргызстанда улуттук адабият күнү деп белгиленет.

2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо сунушталууда
Маалыматка ылайык, саат 10.00дө "Ата-Бейит" мемориалдык комплексте Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюлуп, митинг-реквием өтөт. Ошол эле маалда "Ала-Арча" көрүстөнүндө акын Алыкул Осмоновго арналган иш-чара өтөт.

Саат 12.00дө "Манас" кинотеатрында улуттук адабият күнүнө карата тасма көрсөтүлсө, саат 14.00дө Улуттук китепканада "Жаңы ысымдар, жаңы мүмкүнчүлүктөр" сынагынын катышуучуларын сыйлоо аземи өтөт.

Кечинде, саат 17.00дө Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театрынын 80 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чара болот.

Иш-чараларга өкмөт мүчөлөрү, жазуучулар, чыгармачыл интеллигенция катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0