Кыска метраждуу тасмалардын фестивалында ретро тасмалар көрсөтүлөт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Айтыш-фильмдин" өкүлүнүн айтуусу боюнча буга чейин "Мыкты тасма" номинациясына талапкер болгон тасмалардын баары кинофестивалдын алтын фондусуна киргизилген.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестивалдын алкагында буга чейинки фестивалдарда мыкты аталган фильмдер көрсөтүлө турганын "Айтыш-фильм" студиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Режиссер Төлөмүш Океев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыска метраждуу тасмалардын фестивалын Океевдин "Жылкылары" ачат
Маалыматка ылайык, ретро тасмалардын программасына 2011-жылдан баштап фестивалдын улуттук жана эл аралык сынагында жеңишке жетишкен сегиз тасма киргизилген. 

Идрисованын айтымында, буга чейин "Мыкты тасма" номинациясына талапкер болгон тасмалардын баары кинофестивалдын алтын фондусуна киргизилген.

Быйыл бешинчи ирет өтүп жаткан "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалы 12-декабрда башталып, үч күнгө созулат. Ал эми ретро тасмалар 15-декабрь күнү "Манас" кинотеатрында көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0