Кыска метраждуу тасмалардын фестивалын Океевдин "Жылкылары" ачат

© предоставлено Александром ФедоровымРежиссер Төлөмүш Океев. Архив
Режиссер Төлөмүш Океев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма 1965-жылы тартылып, бир жылдан кийин эле союзга белгилүү боло баштаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкекте бешинчи ирет өтө турган "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестивалды кыргыз кинематографиясына зар салым кошкон Төлөмүш Океевдин "Жылкылар" аттуу документалдуу тасмасы ачат. Бул тууралуу "Айтыш-фильм" киностудиясы билдирди.

Кинопленка кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалынын калыстары аныкталды
Маалыматка ылайык, эл аралык иш-чара үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында "Манас" кинотеатрында башталат. Ага КМШ, Балтика мамлекеттери менен Грузиядан жалпы жонунан 23 тасма тандалып алынган. Мындан тышкары, фестивалдын улуттук сынагына жергиликтүү 10 тасма катышат.

"Жылкылар" 1965-жылы тартылып, бир жылдан кийин Ашхабад шаарында өткөн Орто Азия жана Казакстан кинематографисттеринин фестивалында атайы дипломго татыган.

Көрсөтүү "кыргыз кереметинин" негиздөөчүлөрүнүн бири Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгына арналмакчы.

"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестиваль өз ишин 15-декабрь күнү жыйынтыктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0