"Сүтак" "Оскарга" талапкер тасмалардын ичинен ФИПРЕССИ фестивалына тандалып алынды

© предоставлено Алтынай КойчумановойМирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасынан кадр. Архив
Мирлан Абдыкалыковдун Сүтак тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин тасманын режиссеру Мирлан Абдыкалыков Австралиянын Брисбен шаарындагы Азия-Тынч океан киноакадемиясынын мүчөлүгүнө кабыл алынганы маалымдалган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы АКШнын Палм-Спрингс шаарында өтө турган ФИПРЕССИ Эл аралык кинофестивалда баш байге үчүн ат салыша турганын Кинематографты колдоо фонду билдирди.

Австралиялык кинофестивалда "Сүтак" калыстардын сыйлыгына ээ болду
Быйыл 27-ирет өтө турган фестиваль 2016-жылдын 1-11-январында болот. Мында калыстар тобунун сынына 40 тасма коюлат. Алар Оскар сыйлыгынын "Мыкты чет элдик тасма" номинациясынын узун тизмесине кирген 81 тасманын ичинен тандалып алынды.

"Сүтак" – адамдардын ортосундагы таза мамилелер, аруу сезимдер, ыйык каада-салт тууралуу тасма. "Айтыш-фильм" тарабынан "Ой Арт" студиясы менен биргеликте тартылган тасма бир катар эл аралык кинофестивалдардын баш байгесин багындырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0