"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалынын калыстары аныкталды

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка кармаган адам. Архив
Кинопленка кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган V Эл аралык кинофестивалга КМШ, Балтика мамлекеттери менен Грузиянын тасмалары ат салышат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестивалынын калыстар тобу аныкталганын "Айтыш-фильм" студиясы билдирди.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы кинофестивалдын калыстар тобун Өзбекстандын белгилүү режиссеру жетектейт
Маалыматка ылайык, бешинчи ирет өтүп жаткан фестивалды өзбекстандык режиссер Али Хомраев башында турган калыстар тобу тескейт. Топтун курамына казакстандык режиссер, сценарист Сергей Азимов, Россиядан Виктор Прокофьев, Елизавета Стишова, Армениядан Анна Гороян жана кыргызстандык режиссер Талип Ибраимов кирди.

Фестивалдын улуттук жана эл аралык конкурсуна баш-аягы 23 тасма катышат. Калыстар аларды "Мыкты тасма", "Мыкты режиссура", "Калыстардын атайын байгеси" жана "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" номинациялары боюнча баалап, жеңүүчүлөрдү аныктайт.

Эл аралык иш-чара 12-декабрь күнү башталып, үч күнгө созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0