Түркияда кыргыз жазуучусу Мурза Гапаровго арналган журнал чыкты

Жазылуу
Журналдагы материалдар кыргыз жана түрк журналисттеринин, адабиятчыларынын күчү менен даярдалды.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Түркиядан чыгуучу "Көр оглу" деп аталган тил, маданият, адабият журналынын 2015-жылдагы №4 саны Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Мурза Гапаровго арналды. 

Алыкул Осмонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда дагы бир журнал Алыкул акынга арналып чыкты
Адегенде жазуучунун кыска таржымалы берилип, Ибрагим Түркхан которгон "Коштошуу" деген ыры сунушталат. Караколдук журналист Жээнбай Түрктүн макаласы "Нойгуттун уулу" деп аталса, Абдыкерим Муратовдун адабий портрети "Калемдер менен сүрөт тарткан Мурза Гапаров" деп берилет. Маркумдун жубайы Галина Гапарова менен журналист Айгүл Бакееванын, досу, режиссер Геннадий Базаров менен Салима Жакшылык кызынын маеги, Еври Каракаянын "Дарыялардын шоокуму" повести тууралуу жазган талдоосу да журналдан орун алган. 

Жазуучунун жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу жазуучу Кеңеш Жусуповдун эскерүүсү, Ибрагим Түркхандын жана журналист Айдарбек Сарманбетовдун макалалары берилет.

Журнал Түркиянын Эскишехир шаарында басылган. Нускасы – 2000. Башкы редактору – Өмер Күчүкмехмет оглу.

Жаңылыктар түрмөгү
0