БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги өлкөдө аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн арасындагы XVIII Эл аралык маданият жана улуттук кийимдер фестивалына катышты.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, фестиваль жыл сайын өтүп, ар бир өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруучу маданий иш-чара болуп саналат.
Бул жылы Эл аралык фестивалдын негизги максаты Улуу Жибек жолунда жайгашкан өлкөлөр арасындагы маданият чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеӊейтүү болду. 30га жакын Кытайдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр улуттук кийим тариздерин көрсөтүштү.
Кыргызстандын элчилиги да улуттук кийимдерди жана "Кыргыз бий" аттуу бийин тартуулады.