"Сүтак" Минскиде өткөн кинофестивалда президенттин байгесине ээ болду

© flickr.com / Nic McPheeКинолента. Архив
Кинолента. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык тасманы белоруссиялык көрөрмандар 23 фильмдин ичинен экинчи орунга коюшту. "Сүтак" биринчи орунду ээлеген Исландия менен Дания биргелешип тарткан "Бараны" тасмасынан болгону 0,1 пайызга аз добуш алып калган.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Минск шаарында өткөн "Листопад" Эл аралык кинофестивалында эки байгеге ээ болгонун кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова жеринен билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык тасмага Белоруссия президентинин "Кинодогу гуманизм жана жан дүйнөнүн чагылдырылышы үчүн" байгеси жана КМШ мамлекеттеринин аткаруу комитетинин "Чексиз кино" сыйлыгы ыйгарылган. 

Кинолпенка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сүтак" тасмасы Германиянын кинотеатрларында жаздан баштап көрсөтүлөт
Эки сыйлык тең Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевге тапшырылды. 

Мындан тышкары, кыргызстандык тасманы белоруссиялык көрөрмандар 23 фильмдин ичинен экинчи орунга коюшту. "Сүтак" биринчи орунду ээлеген Исландия менен Дания биргелешип тарткан "Бараны" тасмасынан болгону 0,1 пайызга аз добуш алып калган.

Үстүбүздөгү жылдын 6-13-ноябрь күндөрү өткөн XXII Эл аралык "Листопад" кинофестивалында "Сүтак" тасмасын Абдыкалыков өзү тартуулады. Режиссер Минскиге Германиянын Котбус шаарында өткөн кинофестивалдан учуп келди. Ал жактан "Сүтак" "Тасманын Германиядагы прокатына жардам берүү" бейгесин багындырган.

Минскиде өткөн эл аралык фестивалга жалпысынан 91 оюн тасмасы, 70 даректүү жана 23 анимациялык фильм катышкан. "Сүтак" фестивалдын негизги конкурсунда ат салышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0