Боромбай бий менен Чокон Валихановдун мааракелери бир белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековМалдыбаев атындагы опера жана балет театры. Архив
Малдыбаев атындагы опера жана балет театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бугу уруусунун манабы, көрүнүктүү ишмер Боромбай Меңмурат уулунун көрөгөчтүгүн, кеменгерлигин жеке тааныштыгы бар фольклорчу, окумуштуу Чокон Валиханов таамай белгилеп, ар кыл маалымат топтогон.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында Боромбай бий менен Чокон Валихановго арналган мааракелик салтанат өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Боромбай бийдин 235 жылдыгы белгиленет
Иш-чара эки залкар — Боромбай бийдин 235 жана Чокон Валихановдун 180 жылдыгына арналууда. Ага эки мамлекеттин көрүнүктүү илимпоздору Абдыганы Эркебаев, Мурат Ауэзов (Мухтар Ауэзовдун баласы), Дархан Кыдыралинин катышуусу күтүлүүдө. 

Бугу уруусунун манабы, көрүнүктүү ишмер Боромбай Меңмурат уулунун көрөгөчтүгүн, кеменгерлигин жеке тааныштыгы бар фольклорчу, окумуштуу Чокон Валиханов таамай белгилеп, ар кыл маалымат топтогон.

Мааракелик салтанат Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, Кыргызстан жана Казакстандын искусство чеберлеринин концерти менен коштолмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0