Кыргызстандык режиссердун "Сүтак" тасмасы Болливудду да багындырууда

© flickr.com / Skye VidurМумбай шаары. Архив
Мумбай шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индияда жакында эле Jio Mami Mumbai эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Болливудда өткөн фестивалда экинчи орунду алды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине тасманын продюсерлеринин бири Алтынай Койчуманова билдирди.

"Индияда жакында эле Jio Mami Mumbai эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы экинчи орунга татыды", — деди ал.

Гигантская статуя Оскара на сцене, где вручают премию Оскар, Голливуд, штат Калифорния. - Sputnik Кыргызстан
"Сүтак" тасмасы "Оскар" сыйлыгына талапкер тасмалардын узун тизмесине кирди
17-жолу өткөрүлүп жаткан кинофестивалга быйыл 25 чет мамлекеттен 15 тасма катышкан. Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы буга чейин да бир нече кинофестивалдарда байгеге арзыган.

Адамдардын ортосундагы таза мамилелер, аруу сезимдер, ыйык каада-салт тууралуу тартылган тасма "Мыкты чет элдик фильм" номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгынын узун тизмесине кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0