Кайрат Примбердиев Россиянын "Главная сцена" телешоусунун финалына өттү

© предоставлено Кайратом ПримбердиевымКайрат Примбердиев "Главная сцена" конкурсунда. Архив
Кайрат Примбердиев Главная сцена конкурсунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык ырчы калыстардын жогорку баасына татып, телешоунун финалына жолдомо алды.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев Россия-1 каналынын "Главная сцена" телешоусунун финалына өткөнүн ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, шаршемби күнү болгон жарым финалдан ал ийгиликтүү өткөн.

Урматтуу достор!!! Кече куну,,Главная сцена'' проектинин жарым финалынан отуп, бугунку съемкадан ФИНАЛГА оттум!!!!!!! Мен,,Главная сцена'' проектинин ФИНАЛИСТИМИН!!!!

Posted by Кайрат Примбердиев on 4 ноября 2015 г.

"Урматтуу достор!!! "Главная сцена'' проектисинин жарым финалынан өтүп, бүгүнкү съемкада ФИНАЛГА өттүм. Мен, "Главная сцена'' проектинин финалистимин!", — деп кубанычы менен бөлүштү. 

Кайрат Примбердиев "Сагынганда" аттуу ыры менен көпчүлүккө белгилүү.

Телешоунун калыстары Валерий Леонтьев, Михаил Боярский, Владимир Пресняков жана Диана Арбенина. Биринчи телешоунун жеңүүчүсү 24 жаштагы өзбекстандык ырчы Сардор Милано болгон. Жеңүүчүгө берилген баш байге – бүткүл Россияны кыдырып концерт берүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0