Россияда Айтматовдун "Кыямат" чыгармасы боюнча спектакль коюлат

© Sputnik / Анатолий Гаранин / Медиабанкка өтүүЧыңгыз Айтматов. Архив
Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Подольск театры кыргыз жазуучусунун чыгармасын хореографиянын айрым элементтери менен коет.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Москвадагы Всеволод Мейерхольд атындагы театралдык борбордо "Подольск драма театрынын" артисттери 26-ноябрда Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" чыгармасынын негизинде спетакль коёт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды
Маалыматка ылайык, спектаклди Подольск театрынын режиссеру Олег Ефремов койгон. Ошондой эле, аны коюу үчүн бүгүнкү күнү эң жаш хореографтардын бири Иван Межевикин да салымын кошкон.

Аталган спектакль менен театрдын артисттери "Эң мыкты хореографиялык чечим үчүн" наамын жана Литвада өткөн эл аралык фестивалда "Мыкты режиссердук иш" наамдарын жеңип алган.

Спектакль биринчи жолу Подольск драма театрында 16-июлда коюлганы театрдын расмий сайтында маалымдалат.

Улуу жазуучу "Кыямат" чыгармасын 1986-жылы жазып, "Новый мир" журналына жарыяланган. Айтматовдун бул чыгармасынын негизинде "Ак Баранын көз жашы" тасмасы тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0