Атамбаев: Алыкул акын чолпон жылдыздай жанып кыргыз поэзиясынын классигине айланды

Жазылуу
Улуу акындын 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында бүгүн филармониянын чоң залында өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Маңдайына жазылган түрдүү сыноолорго карабай, Алыкул Осмонов адабиятта чолпон жылдыздай жанып, кыргыз поэзиясынын классигине чейинки жолду басып өттү. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев залкар акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесине байланыштуу куттуктоосунда билдирди.

Залкар акын Алыкул Осмонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алыкул акындын ырлары жаңырат
Бүгүн филармонияда улуу акындын 100 жылдыгына арналган өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен салтанаттуу иш-чара өттү.

Атамбаев өз сөзүндө Алыкул Осмонов кыргыз окурмандарын Александр Пушкин, Уильям Шекспир, Низами Гянджеви, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын классиктеринин чыгармалары менен биринчилерден болуп тааныштырганын белгилеп өттү. 

"Айрыкча улуу грузин акыны Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын кыргыз элинин сүйүктүү чыгармаларынын бирине айланышы акындын бийик чеберчилигинин таасын далили болуп, элдерибиздин маданиятынын жакындашына чоң көпүрө салып койду", — деп айтылат куттуктоодо. 

Өлкө башчы Алыкул акын өз чыгармачылыгында эмгек адамды асманга көкөлөтөт, урмат-сыйга жеткирет деген өзөктүү ойду туу тутканын айтып өттү. 

"Кыска, бирок мазмундуу өмүрүндө Алыкул Осмонов кыргыз эли кылымдарга сыймыктангыдай ажайып мурас калтырды. Мезгил өткөн сайын Алыкулдун чыгармачылык аброю улам артып, зоболосу бийиктеп бара жатат", — деди Атамбаев. 

Президент залкар акындын адабияттагы дүбүртү “буудан болуп, таскак салып”, кылымдарга жаңырып, ар дайым Мекенди сүйүүгө, жаратмандыкка жана бийик адамгерчиликке чакырып, элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө жашай берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0