Эл аралык "Бастау" кинофестивалында "Физрук, алтын, дарыя" баш байгеге татыды

© Фото / пресс-служба Департамента кинематографии при МКИТКыргызстандык режиссер Аманбек Ажымат. Архив
Кыргызстандык режиссер Аманбек Ажымат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалда жеңишке жетип, Кыргызстандын атагын чыгарган жаш режиссерлор учурда Кыргызстанга карай жолтартып келе жатканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарында студенттик тасмалардын V Эл аралык "Бастау" кинофестивалында кыргызстандык режиссер Аманбек Ажыматтын "Физрук, алтын, дарыя" тасмасы баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу белгилүү кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 21-октябрь күнү башталган. Ага Кыргызстандан режиссер Кымбат Адылбекованын "Таксист", Нурсултан Станилиевдин "Абышка", Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" жана Аманбек Ажыматтын "Физрук, алтын, дарыя" тасмалары тандалып алынган.

"Кыргыз делегациясын белгилүү кинорежиссер Артыкбай Сүйүндүков жетектеп барды. Россия, Германия, Казакстан мамлекеттеринин белдүү кинодраматургдары, режиссерлорлу, продюсерлеринен турган калыстар тобу баш байгени жаш режиссер Аманбек Ажыматтын "Физрук, алтын, дарыя" тасмасына ыйгарды", — деп билдирди Төлөмүшова.

Айылдык мектепте дене тарбиядан сабак берип, 5000 сом айлык алган мугалимдин жан багуу үчүн Нарын дарыясында алтын чайкоого аргасыздыгы чеберчилик менен сүрөттөлгөн тасма "Туран" университетинин атайын байгесин алды. 

Төлөмүшова фестивалда жеңишке жетип, Кыргызстандын атагын чыгарган жаш режиссерлор учурда Кыргызстанга карай жолтартып келе жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0