Якутияда өткөн сынакта кыргыз айымдары мыкты аталышты

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүЯкутия. Архив
Якутия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саха Республикасында Энелер күнү белгиленди. Буга байланыштуу Достук үйү аймакта жашаган улуттар ортосунда сынак жарыялаган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Саха Республикасында Энелер күнүнө карата өткөн фестивалда кыргыз диаспорасынын "Ала-Тоо айымдары" тобу мыкты аталышканын "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Кыргызстандык сүрөтчү Лондондогу абройлуу сынактын финалына чыкты
Маалыматка ылайык, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 25-октябрында өткөн. Фестивалга кыргыз аялдарынан тышкары Якутияда жашаган башка улуттун өкүлдөрү да катышкан.

Маданий иш-чара төрт этап менен өттү. Кыргыз айымдары бешик той көрсөтүп, улуттук тамак-аштын түрүн тартуулар, ырдап-бийлеп беришти.

Фестивалдын жыйынтыгы менен кыргыз диаспорасынын айымдары жеңишке жетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0