Сүрөткө тартылып, саймага сайылган мышыктардын көргөзмөсү өтөт

Жазылуу
"Балажан" борборунун тарбиялануучулары живопистен тартып кийиз оюнчуктарга чейинки эмгектерин тартуулашат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында "Балажан" эстетикалык тарбиялоо боюнча республикалык окуу-методикалык борборунун сүрөт галереясында мышык жаныбарына арналган балдар чыгармачылыгынын көргөзмөсү өтөрүн уюштуруучулар билдирди.

Кыргызстандык сүрөтчү Лондондогу абройлуу сынактын финалына чыкты
Иш-чарага акварель, гуашь, түстүү бор, граттаж, аралаш техника сыяктуу ар кыл көркөм ыкма менен тартылган 130 эмгек коюлат. 

Мындан тышкары, кийиз, жүндөн жасалган мышык оюнчуктар тартууланат.

Көргөзмөгө "Балажан" борборунун көркөм сүрөт искусствосу, архитектура жана дизайн, живопись, креатив студияларынан окуган тарбиялануучулар катышары күтүлүүдө. Жаш сүрөтчүлөр 5 жаштан 15 жашка чейинки куракта болушу шарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0