Шаар күнү майрамдык концерт жана спорт мелдештери менен коштолот

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы Жеңиш аянты. Архив
Бишкек шаарындагы Жеңиш аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин ар бир районунда майрамдын урматына бир катар маданий жана спорт иш-чаралары өтөт.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. 24-октябрда белгиленүүчү шаар күнүнүн урматына мэрия төрт райондо тең майрамдык иш-чараларды пландалганын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Быйыл Бишкек шаары 137 жылдыгын белгилейт. Буга байланыштуу борбор калаанын Свердлов районунда төмөнкүдөй иш-чаралардын өтүшү күтүлүүдө:

  • 11.00. Жеңиш аянтында Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгынын концерти;
  • 11.00. ЦУМдун жанындагы аянтчада "Аура" жаз тобунун концерти;
  • 11.00. "Чыгыш-5" жана "Аламүдүн-1" кичирайондорунун №1 жана №8 музыкалык мектеп окуучуларынын концерти;
  • 12.00. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын концерти;
  • 12.00. Мамлекеттик цирк артисттеринин цирктеги оюну;

Биринчи Май районунда жармаңке менен катар "Тамашоунун" концерти пландаштырылган:

  • 10.00. "Эко-баштык" жармаңкесинин башталышы, мастер-класстар жана Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги концерт;
  • 11.00. Панфилов атындагы сейил багында цирк актерлорунун оюну;
  • 16.00. Курманжан датка гүл багында музыкалык окуу жайлардын жана "Тамашоунун" концерти.

Октябрь районунда бул күнү төмөнкүдөй иш-чаралар өтөт:

  • 10.00. Ата-Түрк сейил багында спорттук мелдеш жана "Менин сүйүктүү шаарым" концерти;
  • 11.00. "Жаштык" маданий үйүндө "Күз жалбырагы" концерти;
  • 16.00. "Асанбай" паркында "Күзгү марафон" майрамдык концерти.

Бишкектин Ленин району тургундар менен шаар меймандарын аскер адамдарынын ыр-күүсү жана аскердик техниканы тартуулоо менен таң калтыра алат:

  • 9.00. Улуттук гвардиянын полигонунда аскердик техника көрсөтүлөт;
  • 11.00. парад, студенттердин флешмобу, улуттук филармониянын жанында үйлөмө аспаптар оркестринин концерти;
  • 12.00. Фучик атындагы паркында цирк артисттеринин оюну.

Мэриянын билдирүүсүндө майрамдык салюттун болор-болбосу азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0