Түркияда акын Алыкул тууралуу тартылган даректүү тасманын бет ачары өттү

Жазылуу
Иш-чара Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган. Тынай Ибрагимов тарткан документалдык тасмада архивдик материалдар колдонулду.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Түркияда кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналып тартылган толук метраждуу даректүү тасманын бет ачары болуп өткөнүн Кинематография департаменти билдирди.

Алыкул Осмоновдун үй музейинен китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алыкул Осмоновдун дагы бир түрк тилиндеги жыйнагы басылып чыкты
Маалыматка ылайык, акындын жүз жылдыгына арналган иш-чаралар ТЮРКСОЙ уюму тарабынан уюштурулган. Анын бири катарынын сценарийи Памирбек Казыбаевге таандык, режиссер Тынай Ибрагимов тарткан "Алыкул Осмонов" аттуу фильм көрүүчүлөргө тартууланды.

42 мүнөттүк тасма улуу акындын чыгармачылыгын баяндайт. Фильм тартууда Мамлекеттик архивдеги документтер пайдаланылган. 

Кыргызстандын 16 кишиден турган делегациясын маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов жетектеп барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0