Алтынбек Максутов министрликтин алдындагы окуу жайларды текшерет

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр окуу жайлардын материалдык-техникалык абалы менен таанышат.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов бүгүнтөн тарта Бишкек шаарында жайгашкан министрликке тийиштүү окуу жайларды текшерет. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Россиянын борбордук жогорку окуу жайында кыргыз тили окутулуп баштады - Sputnik Кыргызстан
Россиянын борбордук жогорку окуу жайында кыргыз тили окутулуп баштады
Ага ылайык, министр 7-9-октябрь күндөрү окуу жайлардын материалдык-техникалык инфраструктурасынын абалы менен таанышып, окуу жайдын жетекчилери, окутуучулары жана студенттери менен жолугат.

Министр Бишкек шаарында жайгашкан Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияны, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, Семен Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, Чолпонбай Базарбаев атындагы хореографиялык училищени кыдырат.

Ошондой эле, Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрынын, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын жана Петр Шубин атындагы борбордук музыкалык мектептин абалы менен таанышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0