Россиянын "Артдокфест" фестивалында кыргызстандык режиссердун тасмасы көрсөтүлөт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопроекторго пленка салуу. Архив
Кинопроекторго пленка салуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыңгыз Нарыновдун тасмасы 2005-жылы жумуштан кыскарып калган пенсионердин жашоо менен болгон күрөшүн баяндайт.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Чыңгыз Нарыновдун "Темир нан" тасмасы Россиянын "Артдокфест" документалдык кинолор фестивалынын конкурстук программасына тандап алынганын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдады.

Фестиваль 2016-жылдын 8-декабрынан 16-декабрына чейин Москва шаарында өтөт. Ага 20 мамлекеттен 250дөй тасма катышат.

Оскар кино сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сүтак" тасмасы Оскар сыйлыгына көрсөтүлүүдө
"Артдокфест" – бул документалдык тасмалардын дүйнөлүк конкурсу. Авторлор өз эмгектеринде документалдык жанрдын өнүгүшүн максат кылып, жалпы кабыл алынган эрежелерден, ыкмалардан баш тартышат.

Тасмада Майлуу-Суу шаарында жашаган пенсионер тууралуу баяндалат. 2005-жылы ал электрлампаларды чыгаруучу заводдогу ишинен кыскарып калат. Андыктан жашоо үчүн колунан келген бардык аракетти кылат.

Документалдык тасманын дүйнөлүк премьерасы 2014-жылы Амстердамда болгон абройлуу дүйнөлүк фестивалда (IDFA) көрсөтүлгөнүн Кыргыз киносу фондунан буга чейин маалымдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0