Бишкекте татар маданиятын, музыкасын тааныткан концерт өтөт

© Sputnik / Сергей Русанов / Медиабанкка өтүүУчастники XIII федерального татарского праздника "Сабантуй". Архивное фото
Участники XIII федерального татарского праздника Сабантуй. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Татар элинин Сабантуй майрамы ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизилген.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Ишемби күнү Бишкек шаарында Кыргызстанда жашаган улуттардын бири — татар элинин маданияты, музыкасы менен тааныштырган иш-чара өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунан кабарлашты. 

"Иш-чарага келгендер татар музыкасын угуп, улуттук бийге күбө болуп, чак-чактан ооз тийип, Сабантуй майрамы туурасында толук маалымат алып кетет. Сабантуй ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизилген", — деп билдирди фонддун маалымат кызматы. 

Концерт Кыргыз улуттук консерваториясынын имаратында өтүп, кирүү акысыз болот.

"Муңдуу жана шатыра-шатман аткарылган татар ыр-күүлөрү сизди кайдыгер калтырбайт. Ал эми бул элдин улуттук бийи бир караган кишини өзү эле чакырып алат",— деп айтылат фондунун тараткан маалыматында.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду буга чейин да Кыргызстанда жашаган улуттардын музыкалык маданиятын кыргызстандыктарга таанытуу боюнча бир нече иш-чараларды өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0