Японияда "Курманжан датка" тасмасынын премьерасы болуп өттү

© Фото / Чолпон ИдрисоваЯпонияда "Курманжан датка" тарыхый тасмасынын премьерасында. Архив
Японияда Курманжан датка тарыхый тасмасынын премьерасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма дагы эки ирет кайталынып көрсөтүлөт. Фестивалдын жеңүүчүсү 22-сентябрда аныкталат.

БИШКЕК, 21-сен. – Sputnik. Японияда "Курманжан датка" тарыхый тасмасынын премьерасы болуп өткөнүн "Айтыш-фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идиросова билдирди.

Кинолента. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтагы" Анападагы "Киношокто" баш байгени жеңип алды
Тасма 18-сентябрда башталган эл аралык Focus on Asia кинофестивалдын алкагында эртеси тартууланды. Көрсөтүүдөн кийин көрөрмандар менен башкы каарман Элина Абай кызынын пикир алмашуусу болду.

Тасма дагы эки ирет кайталынып көрсөтүлөт. Фестивалдын жеңүүчүсү 22-сентябрда аныкталат.

Эл аралык кинофестивалга Индонезия, Корея, Кытай, Түркия, Иран, Сингапур, Филиппин, Жаңы Зеландия сыяктуу мамлекеттердин тасмалары катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0