"Асман алдында" калыстардын өзгөчө байгесине татыды

© flickr.com / abdallahhМонреаль шаарына көрүнүш. Архив
Монреаль шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдын "Алтын Меридианына" Кытай, "Күмүш Меридианына" Бразилия, ал эми "Коло Меридианына" Мексика өлкөлөрүнүн тасмалары ээ болду.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Монреаль шаарында өткөн Эл аралык кино фестивалга Кыргызстандын атынан катышкан режиссер Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы "Калыстар тобунун атайын көңүл буруусу" ардак дипломуна татыганын Кинематография департаменти билдирди.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан "Киношок" эл аралык фестивалына "Курманжан датка" менен "Сүтак" барат
39-ирет өтүп жаткан Эл аралык кинофестивалдын дебютанттар сынагына катышкан "Асман алдында" тасмасы 29-августунда көрсөтүлүп, дүйнөлүк премьерасы болуп өттү. Жогорку деңгээлде кабыл алынган тасма катары фильм 4-сентябрда дагы бир ирет көрөрмандарга тартууланган.

Маалыматка ылайык, фестивалдын "Алтын Меридианына" Кытай, "Күмүш Меридианына" Бразилия, ал эми "Коло Меридианына" Мексика өлкөлөрүнүн тасмалары татыды.

Үстүбүздөгү жылдын 27-августунан 7-сентябрына чейин өткөн эл аралык кинофествалдын калыстар тобунун башында Пьер Анри Делю жана Антуан Зейнд турду.

Эскерте кетсек, Якутскиде 1-5-сентябрь күндөрү өткөн Үчүнчү эл аралык кинофестивалга катышкан "Асман алдында" тасмасынын башкы каарманы Керимдин ролун жараткан Анвар Осмоналиев "Мыкты дебют" үчүн ардак диплом менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0