Болот Миңжылкыев атындагы эл аралык опера фестивалы экинчи ирет көшөгөсүн ачат

© Sputnik / Табылды КадырбековАбдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры. Архив
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданий иш-чарага Россия, Түркия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын опера искусствосунун чеберлери катышат. Фестивалды Моцарттын "Дон Жуан" чыгармасы менен кыргыз опера ырчылары ачат.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыев атындагы Опера искусствосунун экинчи эл аралык фестивалы үстүбүздөгү жылдын 4-11-октябрь күндөрү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев эпикалык маданий фестивалды өткөрүүгө миллион сом бөлдү
Маалыматка ылайык, эл аралык фестиваль Болот Миңжылкыевдин 75 жылдыгына арналат.

Маданий иш-чарага Россия, Түркия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын опера искусствосунун чеберлери катышат. Фестивалды Моцарттын "Дон Жуан" чыгармасы менен кыргыз опера ырчылары ачат. Башкы партияларды Мусаев (Дон Жуан), Оксана Шутова (Донна Анна), Бактыгүл Бокоева (Донна Эльвира) аткарат.

Үч күн бою опера сүйүүчүлөр дүйнөлүк жылдыздардын чыгармачылыгына күбө болуп, 11-октябрь күнү бардык өнөрпоз меймандардын катышуусу менен ири гала-концерт өтөт. 

Фестиваль учурунда дирижердук пультта Нурматбек Полотов, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Рахатбек Осмоналиев жана Медет Осмонов иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0