"Жибек Жолунун маданияты" фестивалына карата кыргызстандыктар акыркы даярдыктан өтүүдө

© Ринат МурзаевТүштүк Кореянын Кенжу шаарында "Жибек Жолу маданияты" аттуу эл аралык фестивалы.
Түштүк Кореянын Кенжу шаарында Жибек Жолу маданияты аттуу эл аралык фестивалы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белдүү өнөрпоздор менен кол өнөрчүлөрдөн турган расмий делегацияны КРдин маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов жетектөөдө. Маалыматка ылайык, фестивалдын алкагында Кыргызстан жана Түштүк Корея маданият министрлеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү өтөт.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Түштүк Кореянын Кенжу шаарында "Жибек Жолу маданияты" аттуу эл аралык фестиваль бүгүн ишин баштай турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Ринат Мурзаев билдирди.

"Жибек Жолунун маданияты" фестивалы 1998-жылдан бери өткөрүлүп, быйыл ага 16 мамлекет катышары белгилүү болду. Бул жылы фестивалды ачуу шыбагасы кыргызстандык өнөрпоздорго туш келген.

© Ринат МурзаевТүштүк Кореянын Кенжу шаарында "Жибек Жолу маданияты" аттуу эл аралык фестиваль бүгүн ишин баштайт.
1/2
Түштүк Кореянын Кенжу шаарында "Жибек Жолу маданияты" аттуу эл аралык фестиваль бүгүн ишин баштайт.
© Ринат МурзаевБелдүү өнөрпоздор менен кол өнөрчүлөрдөн турган расмий делегацияны КР Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов жетектөөдө.
2/2
Белдүү өнөрпоздор менен кол өнөрчүлөрдөн турган расмий делегацияны КР Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов жетектөөдө.
1/2
Түштүк Кореянын Кенжу шаарында "Жибек Жолу маданияты" аттуу эл аралык фестиваль бүгүн ишин баштайт.
2/2
Белдүү өнөрпоздор менен кол өнөрчүлөрдөн турган расмий делегацияны КР Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов жетектөөдө.

"Учурда кечке маал баштала турган салтанатка акыркы даярдыктар көрүлүп жатат. Кыргыз ырчы-бийчилеринин өнөрүнөн сырткары, фестивалдын коноктору Гранд Базар аянтында кол өнөрчүлөрдүн эмгеги коюлган көргөзмөгө да күбө боло алышат", — дейт Мурзаев.

Курманжан Датка кинотасмасынан бир кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан датка" Германиядагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Белдүү өнөрпоздор менен кол өнөрчүлөрдөн турган расмий делегацияны КРдин маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов жетектөөдө. Маалыматка ылайык, фестивалдын алкагында Кыргызстан жана Түштүк Корея маданият министрлеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү өтөт.

Фестиваль өтө турган Кенжу шаары Түштүк Кореянын байыркы шаарларынын бири болуп, учурда маданий жана тарыхый мурастарга бай туристтик аймак катары белгилүү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0