"Сонун Кыргызстаным" августта ачылат

© проект "Сонун Кыргызстан" Социалдык-маданий "Сонун Кыргызстаным" долбоору картиналар аркылуу өлкөнүн ажайып кооздугун жар салат.
Социалдык-маданий Сонун Кыргызстаным долбоору картиналар аркылуу өлкөнүн ажайып кооздугун жар салат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети облуска кеткен жети сүрөтчүнүн алды Бишкекке кайтып келип, көргөзмөгө даяданып жатат.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Социалдык-маданий "Сонун Кыргызстаным" долбоору картиналар аркылуу өлкөнүн ажайып кооздугун жар саларын Sputnik маалымат сайтына иш-чаранын демилгечиси Акжол Нишанов билдирди.

Анын айтымында, долбоорго материалдык колдоо көрсөткөн Эргеш Рахманов бирге эки ай мурун сүйлөшүүлөр жүрүп, Кыргызстанды кагаз жана боёктун күчү аркылуу чагылдырууну чечишкен.

"Экөөбүз тең чет мамлекетте окуп, туулган жердин кадырын жакшы түшүнөбүз. Сүйлөшүп отуруп, Кыргызстандын кереметин сүрөтчүлөрдүн эмгеги аркылуу берүүнү туура көрдүк. Жети сүрөтчүнү тандап, аттап-тондоп кичи мекендерине жөнөттүк. Эч кандай талап койбостон, туулган жердин жүрөккө жакын көрүнүштөрүн, табиятын тартып келгиле дедик", — дейт Нишанов.

Сүрөтчүлөр облустарга 1,5 ай мурун жөнөп кетишкен. Учурда айрымдары Бишкекке кайтып келишти.

"Болгону бештен кем эмес сүрөт болсун деп талап койгонбуз. Азыр жыйынтыгын чыгарып жатабыз", — деди иш-чаранын демилгечиси.

Нишанов бул демилге сүрөтчүлөргө да дем-шыкак болгонун, көп сүрөтчү кичи мекенин бир чагылдырууну кыялданып келгени менен убакыттын, шарттын жоктугунан, оюн ишке ашыра албай келгенин белгилейт. 

Сүрөтчүлөрдүн эмгеги менен кыргызстандыктар 13-27-август күндөрү Эркиндик сейил багындагы уюштурула турган көргөзмөдөн тааныша алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0