Sputnik Кыргызстан "Мейкин Азия" фестивалы жөнүндө дүйнөгө жар салат

Жазылуу
Фестивалга катышуу үчүн 40ка жакын өлкөдөн билдирүү келип түшүп, анын ичинен 20 катышуучу тандалып алынган.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги "Мейкин Азия" музыкалык фестивалынын эл аралык өнөктөшү болду. Аталган фестиваль Кыргызстанда быйыл экинчи ирет өткөрүлүп, ага дүйнөнүн 20 мамлекеттинен келген эстрада ырчылары катышат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги фестивалдын өтүшү боюнча акыркы жаңылыктарды, фоторепортаждарды жана видеоматериалдарды чагылдырат. Ошондой эле "Мейкин Азия" фестивалынын катышуучулары менен эксклюзивдүү маектерди сунуштайт.

"Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигигинин уникалдуу мүмкүнчүлүгү жана ресурстары бар. Андыктан биз бул фестивалды колдоп, аны түрдүү жагынан чагылдырып жатканыбызга кубанычтамын. Мындай маданий иш-чаралар элдердин достугун чыңдайт", — дейт Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттигинин жетекчиси Елена Череменина.

КР Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы быйыл экинчи ирет өткөрүлө турганын айтып, учурда даярдык иштери аяктап калганын билдирди.

"Фестивалга өнөктөш катары маалыматтык колдоо көрсөтүп жаткан "Спутник Кыргызстан" маалыматтык агенттигине ыраазычылык билдирем. Өткөрүлүп жаткан фестиваль боюнча көп чет өлкөлөр сиздер аркылуу кабардар болот деп ишенем. Кызматташуубуз мындан ары да жемиштүү улана берсин", — деди ал.

Комуз черткен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык "Мейкин Азия" фестивалына 20 чет элдик аткаруучу катышат
Максутов фестивалга катышуу үчүн 40ка жакын өлкөдөн билдирүү келип түшкөнүн, ошолордун ичинен 20 катышуучу тандалып алынганын айтты. Бүгүн кечинде бардык  катышуулар да, калыстар тобунун мүчөлөрү да Чолпон-Атага келишет.

"Мейкин Азия" эстрадалык аткаруучулардын эл аралык фестивалы болуп эсептелет жана Евразиялык континентте популярдуу ырлардын конкурсу болууга талапкерленүүдө. Конкурс салт боюнча Ысык-Көлдүн "Рух Ордо" маданий борборунда өтүп келет. Фестиваль жөнүндө толук маалыматты www.minculture.gov.kg сайтынан окуса болот.

Sputnik (sputniknews.com) — мультимедиалык маалымат хабы. Анын өкүлчүлүгү ондон ашык мамлекетте бар. Sputnik мультимедиалык хабы өзүнө сайттырды, радиоуктурууларды, мобилдик тиркемени камтыйт. Андан сырткары социалдык тармактарда баракчалары бар. Sputnik агенттиги дүйнөдө болуп жаткан окуяларды дүйнөнүн жыйырмадан ашык тилинде маалымдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0