Өнөрпоздор Германияда өткөн фестивалда үч алтын медалды багындырышты

© Кожогелди КулуевКурамында кыргызстандык жаш өнөрпоздор бар ТЮРКСОЙ жаштар камерикалык хору Экинчи европалык хор фестивалында үч алтын медалга ээ болушту.
Курамында кыргызстандык жаш өнөрпоздор бар ТЮРКСОЙ жаштар камерикалык хору Экинчи европалык хор фестивалында үч алтын медалга ээ болушту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи европалык хор фестивалында кыргыздын "Комузчу", "Таранчы", "Сүйгѳнүм чыкса болбойбу" ырлары жаңырды.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Курамында кыргызстандык жаш өнөрпоздор бар ТЮРКСОЙ жаштар камерикалык хору Экинчи европалык хор фестивалында үч алтын медалга ээ болушканын ТЮРКСОЙдогу КР өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Германиянын Магдебург шаарында өтүп, анда 35 өлкөдөн келген 100 хор топтору катышууда.

Курманжан Датка тасмасынан бир кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан датка" тасмасы Тегеранда өткөн кинофестивалда калыстардын атайын сыйлыгына татыды
ТЮРКСОЙ хор тобундагы 32 музыканттын арасында Кыргызстандан Айдай Дүйшөмбек кызы, Таир Бейшеев, Улан Асамудинов, Сымбат Кайыпчы кызы бар. 

Экинчи европалык хор фестивалында кыргыздын "Комузчу", "Таранчы", "Сүйгѳнүм чыкса болбойбу" ырлары жаңырды. 

ТЮРКСОЙ коллективи "Заманбап музыка", "Фольклор" жана "Руханий музыка" номинациялары боюнча эң мыкты деп табылып, үч алтын медалга ээ болду.

Биринчи европалык хор фестивалы Австрияда өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0