"Мейкин Азия" фестивалынын тандоо туру 9-июлда улутттук филармонияда өтөт

Жазылуу
Быйыл экинчи жолу уюштурулуп жаткан эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы 23-25-июлда Ысык-Көлдөгү "Рух-Ордо" маданий борборунда болот.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Эл аралык "Мейкин Азия" фестивалына катышуу үчүн кыргызстандык аткаруучулар арасындагы тандоо туру 9-июлда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтө турганын Маданият министрлиги билдирди.

Фестивалдын жобосуна ылайык, Кыргызстандын атынан өнөрпоздор тандоо турунан өткөндөн кийин гана катыша алат.

Ысык-Көлдө эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы өтөт
Конкурстун шарты боюнча, 17 жаштан 35 жашка чейинки жаш аткаруучулар жана эл аралык конкурс, фестивалдардын лауреаттары катыша алат.

Тандоо турунда жана конкурста "+" фонограммаларын колдонууга тыюу салынат. Ал эми "-1" үлгүсүндөгү фонограммаларды колдонууга уруксат берилет. Аткаруучулардын ырлары 4 мүнөттөн ашпашы керек.

Буга чейин маалымдалгандай, кыргызстандык өнөрпоздорду тандоо туру 3-июлда өтмөк. Ал эми фестиваль 23-25-июлда Ысык-Көлдөгү "Рух-Ордо" маданий борборунда болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0