Ысык-Көлдө эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы өтөт

© Фото / Ирина Черкасова"Рух-Ордо" маданий борбору .Архив
Рух-Ордо маданий борбору .Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык фестивалга Россия, Кытай, Түркия, Болгария, Бахрейн, Литва, Македония, Румыния мамлекеттеринен келген ырчы-аткаруучулар катышат.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Ысык-Көлдө белгилүү аткаруучулардын экинчи эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 23-25-июлунда "Рух-Ордо" маданий борборунда өтөт.

"Фестивалга Россия, Кытай, Түркия, Болгария, Бахрейн, Литва, Македония, Румыния мамлекеттеринен келген ырчы-аткаруучулар вокал чеберчилиги боюнча ат салышат. Байге фонду бир миллион сом ", — деп айтылат билдирүүдө. 

Министрлик Кыргызстандын атынан катыша турган өнөрпоздорду тандоо туру 3-июлда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда саат тогузда боло турганын кошумчалайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0