"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгында биринчи жолу жаңы номинация киргизилди

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киносыйлыктын алкагында "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн" номинациясы биринчи жолу берилип жатат. Бул сыйлыкка өзбекстандык режиссер жана сценарист Али Хамраев татыктуу болду.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгынын экинчи лауреаты белгилүү болду. "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгында биринчи жолу "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн" номинациясы белгиленип, ал өзбекстандык режиссер жана сценарист Али Хамраевге берилгенин "Айтыш фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Сагынбек Ишенов Ак Илбирс улуттук киносыйлыгынын алгачкы лауреаты болду - Sputnik Кыргызстан
Сагынбек Ишенов "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгынын алгачкы лауреаты болду
Хамраев 40ка жакын тасмаларды тарткан. Анын эмгектери чет элде жогору бааланып, бир катар сыйлыктарга татыган. Анын "Человек уходит за птицами" тасмасы 1976-жылы Бүткүл союздук кинофестивалда көркөмдүк жагынан жогору деп бааланып, сыйлыкка ээ болгон

Али Хамраев Бишкекке 14-май күнү кечинде келет. 15-майда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындаы Кино үйүндө мастер-класс өтөт.

"Ак Илбрис" улуттук киносыйлыгы 2012-жылдан тарта берилип келет. Анын максаты Кыргызстандын киноиндустриясын өнүктүрүү жана жаш режиссерлорго дем берүү. 

Улуттук киносыйлыкты расмий тапшыруу аземи 16-май күнү "Манас" кинотеатрында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0