Берлиндин Гумбольдт университетинде Айтматовдун чыгармачылыгына арналган иш-чара өттү

© Фото / пресс-служба ЖК КРГерманияда Гумбольдт университетинде Айтматовдун чыгармачалыгына араналага фото көргөзмө өттү
Германияда Гумбольдт университетинде Айтматовдун чыгармачалыгына араналага фото көргөзмө өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Берлиндин Гумбольдт университетинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы коомчулукка дагы бир ирет тааныштырылды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Берлин шаарындагы Гумбольдт атындагы университеттин имаратында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган иш-чара өтүп, ага ЖКнын депутаттары катышты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Улуу жазуучуну эскерүүгө Гумбольдт университетинин окутуучулары менен студенттери, кыргыз диаспорасынын, Берлиндеги дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү, Германиянын министрликтери менен ведомстволорунун кызматкерлери жана ошондой эле Айтматовдун чыгармаларынын күйөрмандары катышты. Кечеге жазуучунун чыгармаларын немис тилинде сүйлөткөн котормочулардын бири Леонард Кошут катышты. 

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев кечеде сүйлөп, жазуучунун кыргыз маданиятын жайылтуудагы ордун белгиледи.

"Кыргызстандын тарыхындагы жана кыргыз маданиятын чет өлкөлөргө, анын ичинде Германияга жайылтуудагы Айтматовдун орду зор", — деди Отунбаев. 

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жазуучу Айтматовдун кыргыз-герман маданий кызматташтыгын өнүктүрүүгө чоң салым кошкондугуна токтолду.

Архив: Чынгыз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Брюсселде Айтматовдун эл көрө элек сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды
 Жазуучунун чыгармалары аркылуу Германиянын тургундары кыргыз элинин маданияты жана турмушу менен тааныша алгандыгын белгиледи.

Меймандар Кыргызстандын Германиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган кыргыз жазуучусунун чыгармачылыгы боюнча пикир алмашып, Айтматов жөнүндө фотокөргөзмөгө күбө болушту. 

Жаңылыктар түрмөгү
0