Шейшекеева: кыргызстандык кол өнөрчүлөр Бажы биримдигинен көптү үмүттөнүп турабыз

Жазылуу
Кыргызстандык көл өнөрчүлөр өлкө Бажы биримдигине мүчө болуп киришинен алардын россиялык тараптар менен кызматташуусунда тоскоолдуктар азайып, суроо-талаптарды аткаруу мүмкүнчүлүгү кеңейет деген үмүттө.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Москва шаарында өткөн "Белектер" деп аталган эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандан көл өнөрчүлүк менен алектенген төрт ишкана катышып, кызматташуу боюнча бир топ сунуштарды алып келди. 

Мастер по декоративной обработке кожи - Sputnik Кыргызстан
Ошто кол өнөрчүлөргө уздук ыкмалар жана маркетингди өздөштүрүүнү үйрөтүп жатышат
Москва шаарында аталган көргөзмөгө кыргыз кол өнөрчүлөрү кийизден, жибектен, жыгачтан, териден жасалган белек кыла турган буюмдарды, үй оокаттарын, идиш-аяктарды, балатыга иле турган оюнчуктарды, тапичкелерди, кийим-кечектерди жана башка дагы бир топ продукцияларды алып барышкан.

Кыргыз уздары кыргызстандык чебер-уздардын колунан жасалган буюмдар россиялыктарга сапаты жана дизайны жактан жаккандыгын айтышты. Алар 4 күн ичинде кызыккан бир нече тараптар менен кызматташуу боюнча сүйлөшүп кайтышкан.

Кыргызстандык кол өнөрчүлөр учурда өлкөнүн эл аралык интеграциялык уюмга мүчө болуусу алардын Россиядагы кызыкдар болгон тараптар менен кызматташуусуна жакшы шарт түзүп берет деген үмүттө тургандыгын айтышты.

"Москвага барганыбызда, акыркы мезгилде россиялыктардын Европанын эмес, Борбордук Азиянын рыногуна баш коё баштаган тенденциясын байкоого болот, муну өздөрү да айтышты. Бул албетте, биз үчүн жакшы. Андан сырткары Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши кол өнөрчүлөргө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат деген үмүттө турабыз. Буга чейин иштешебиз деген россиялыктар биздин бажы тоскоолдуктарыбыздан кылчактап турушчу. Алар өздөрүнө ылайыктап, жасап бергиле десе тапшырыкты күмөн санабай эле ала беребиз деген пландарыбыз бар", — деп айтып берди Кара-Балта шаарындагы "Арт Сайма тобу" ишканасынын менеджери Светлана Шейшекеева. 

Аталган ишкана Кара-Балта шаарындагы жана анын айланасындагы айылдардан 30дан ашык кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирерин, алардын ичинен 13ү мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар экендигин кошумча маалымдады.

Кол өнөрчүлүк боюнча иштеп жүргөн төрт ишкана Москвага Эл аралык соода борборунун "Кыргыз Республикасындагы сооданы жакшыртуу" деп аталган программанын алкагында барып келди. 

Программанын максаты – текстиль жана тигүү өнөр жайы боюнча кичи, орто ишканалардын экспортунун кеңейишине жана өнүгүшүнө, атаандаштыкка туруштук берүүсүн бекемдөөгө көмөк көрсөтүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0